3 айда 156 адам кене чагып, медициналык мекемелерге кайрылган. Бул тууралуу санэпидемиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, бирок кене жуккан энцефалит илдети катталган жок.
Департамент кене бак-дарактуу аймактарда көп экенин белгилейт. Ал айрыкча май-июнь айларында активдешет.
Дарыгерлер парк, сейил бактарда жабык кийим кийип жүрүүгө чакырат. Эгер кене жабышканын байкасаңыз дароо медициналык жардам алыңыз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз