Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 26 адамдан жаңы катталды. Бул тууралуу 3-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөт үйүндө өткөн онлайн-бирифингде билдирди.
Коронавирус аныкталган аймактактар: Бишкек ш. – 16;
Нарын облусу — 7;
Ош облусу — 1;
Жалал-Абад облусу — 1;
Баткен облусу — 1.
Жалпысынан 3-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 1871 адамга жуккан.
Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 46 бейтап айыгып чыгып, жалпы айыккандардын саны 1265 адамга жетти.