Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясына сапар пландап жаткан жарандарга өлкөгө кирүүнүн жаңы тартиби тууралуу маалымдайт.
Россия өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 2024-жылдын 30-июнунан баштап чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары, Россияга кирүүдөн 72 саат мурда мобилдик тиркеме аркылуу электрондук түрдө арыз берүү талап кылынат. Арызда өлкөгө баруунун жана анын аймагында жүрүүнүн максаты так көрсөтүлүшү зарыл.
Мындай талаптын максаты — чет өлкөлүк жарандар тууралуу маалыматтарды камтыган санариптик профилдерди түзүү. Бул система келечекте мамлекеттик кызматтардан электрондук форматта пайдаланууну жеңилдетет.
Азыркы учурда бул функцияны ишке ашыруу үчүн «RuID» мобилдик тиркемеси иштелип чыгууда. Ал «Госуслуги» тиркемесинин чет өлкөлүктөр үчүн ылайыкташтырылган версиясы болот.
Ошондой эле өзгөчө жагдайларда — шашылыш медициналык жардам, оор абал же жакын туугандын каза болушу — арыз берүү мөөнөтү 4 саатка чейин кыскартылат. Бул жагдайлар расмий документтер менен ырасталышы керек.
Россиянын компетенттүү органдары билдиргендей, арыз бербөө түздөн-түз чек арадан өткөрүүдөн баш тартууга негиз болбосо да, жаранды киргизүү чечими чек арачылар тарабынан жеринде кабыл алынат.
Кыргызстандын элчилиги жана Тышкы иштер министрлиги жарандарды жаңы эрежелер менен алдын ала таанышып, документтерди өз убагында даярдоого чакырат.