Нурсултан Усубалиев президенттин жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Нурсултан Усубалиев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. Ал – 30 жашта, коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Таалайбек Усубалиевдин уулу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз