3D-басма Кыргызстандагы энергетиканы кантип өзгөртө алат?
Кыргызстандын гидроэнергетикасына аддитивдик технологияларды киргизүү чакан жана орто ГЭСтер үчүн жабдууларды өндүрүүдө жана оңдоодо чыгымдарды азайтууга гана эмес, экологияга келтирилген таасирди кыскартууга да мүмкүндүк берет. Бул тууралуу журналисттерге берген маегинде «Росатомдун» КРдеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Дмитрий Константинов айтып берди.

Анын айтымында, «Росатом» жана «Бока Гидро КГ» компаниясынын катышуусунда Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун базасында ачылган жаңы долбоордук кеңсе өнөр жайлык 3D-басманы — жабдууларды өндүрүүнүн ресурстарды үнөмдөөчү ыкмаларын колдонууга багытталган.
«Салттуу өндүрүштө ар дайым ашыкча материал көп болот: көлөмдүү металл даярдалмасы (заготовка) алынып, андан ашыкчасынын баары кесилип, калдыкка айланат. Ал эми аддитивдик мамиле башкача иштейт. Тетик так санариптик чийме боюнча жасалат, биз аны катмар-катмар кылып өстүрөбүз жана металл канча керек болсо, так ошончо колдонулат. Мында материалды пайдалануу коэффициенти 100 пайызга жакын. Экология жана суу ресурстарынын тазалыгы улуттук артыкчылык болгон Кыргызстан үчүн гидроэнергетикага мындай таза ыкмаларды киргизүү — стратегиялык тандоо», — деп белгиледи Дмитрий Константинов.
Аталган аянтча тармактын заманбап талаптарына багытталган адистерди даярдоочу жайга айланат. Долбоордук кеңсе жана лабораториялар Кыргызстандын студенттерине теориялык билим гана эмес, энергетика тармагында иштөө боюнча практикалык тажрыйба алууга да мүмкүнчүлүк берет.
«Бүгүн биз меморандумга кол койдук, ал эми эртең биздин кеңседен өткөн бүтүрүүчүлөр жабдуулар 3D-басманы колдонуу менен жасалган өнөр жай аянтчаларында иштешет. Иш жүзүндө сөз инженердик мектепти калыптандыруу, эң тайманбас идеяларды ишке ашыруу жана өлкөнүн технологиялык эгемендүүлүгүн чыңдоо жөнүндө жүрүүдө», — деп жыйынтыктады Константинов.