Дагы бир талапкер: Акай Кыдыров БШКга өзүн-өзү көрсөтүү арызын бердиМыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө болот: ИИМ «Мыйзамбек» ботун ишке киргиздиДемократтар АКШ Конгрессин көзөмөлгө алышты — Трамп үчүн кесепеттериОш жана Чикаго шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелери түзүлөтДастан Бекешев шайлоо, сөз эркиндиги жана саясий амбициялары тууралууЭсептөө палатасынын Ош шаарынын бюджетине жүргүзгөн аудити: 2,5 млрд сомдук карыз жана документсиз курулуштар
Ак-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирди
19.03.2026 | 17:08

Ак-Суу районунда машина-трактордук станция (МТС) ишке кирди. Айыл чарба министрлигинин маалыматында, президенттин фондунан 108 млн сом бөлүнгөн. МТС үчүн Ак-Суу айылындагы мурунку «Сельэнерго» ишканасынын базасы пайдаланууга берилген.
Станциянын карамагына 60тан ашык айыл чарба техникасы жеткирилген. Аталган техникалар Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун дыйкандарына кызмат көрсөтөт.
Программанын алкагында картошка өстүрүү багытына басым жасалып, 10 даана картошка казуучу комбайн сатылып алынган. Учурда станция жазгы талаа иштерин жүргүзүп, дыйкандарга кызмат көрсөтүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом