“Сосновка” постунан “гашиш” алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

“Сосновка” постунан “гашиш” алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

“Сосновка” постунан “гашиш” алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 1 ноябрь күнү саат 17:00дөр чамасында Чүй облусундагы “Сосновка” постунан шектүү катары 1994 ж.т., Ы уулу Б., кармалган. Тинтүү жүргүзүү учурунда жанынан 700 грамм белгисиз зат табылган. Соттук химиялык изилдөөнүн корутундусунун негизинде алынган каражат “гашиш” баңгизаты экени аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

“700 грамм гашиш болжол менен 2 800 дозанын түзүп, кармалган баңгизаттардын партиясы көмүскө базарына кирип кетсе, республика аймагындагы үч миңге жакын жаштар баңгизаттарга көз каранды болуп калмак”, — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

[su_image_carousel source=»media: 46858,46859″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>