Бир сутка ичинде пневмониядан 26 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында. Каза болгондордун 17си Бишкекте болсо 9 адам өлкөнүн башка аймактарынан.
Март айынан бери өпкө оорусунан жалпы каза болгондордун саны – 177 адамга жетти.