5-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 283 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Алар төмөнкү аймактарда:
Бишкек ш. – 162
Чүй облусу — 31
Ош ш. — 27
Ош облусу — 13
Нарын облусу — 18
Баткен облусу — 13
Ысык-Көл облусу — 19
Муну менен илдет жуктургандардын саны жалпы 7377ге жетти.
Ал эми соңку суткада 88 адам сакайып ооруканадан чыккан.