Кыргызстандын аймагында 5-май саат 10:00гө карата 13 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбеков брифингде билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 8, Нарын облусу — 5.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жалпы саны 843гө жетти.
Сүрөт: интернеттен алынды.