10-майдан тарта жаңы 5 миң сом жүгүртүүгө чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Банкноттун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калды. Анда актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун портрети, арткы бетинде «Ала-Тоо» кинотеатрынын имараты сакталды.
Улуттук банктын билдирүүсүндө, 5 миң сомдун жаңы үлгүсүндө коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Ал үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтер комплексин камтыйт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз