550 миңден ашык салык төлөөчү онлайн кызматты колдонууда

550 миңден ашык салык төлөөчү онлайн кызматты колдонууда

Салык кызматынын онлайн кызмат көрсөтүүлөрүн 550 миңден ашуун салык төлөөчү пайдаланууда. Бул тууралуу аталган кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Жыл башынан бери 179 миң 345 салык төлөөчү Мамлекеттик салык кызматынын Salyk.kg “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети” сервисин пайдаланууга өтүштү.

Бүгүнкү күндө 558 миң 500 салык төлөөчү онлайн салыктык кызматтарды пайдаланууда, анын ичинде 493 миң 331 жеке жак, 65 миң 169 юридикалык жак.

54 миң 223 салык төлөөчү электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен салык отчетун беришүүдө.

Salyk.kg жарандарга салык кызматтарын акысыз онлайн пайдаланууга мүмкүндүк берет.

«Бул кызмат колдонуучулар үчүн ыңгайлуу, анткени ал убакытты үнөмдөйт жана отчетту, салык декларациясын онлайн тапшырууга, салыктарды, анын ичинде патент жана камсыздандыруу полисин төлөөгө, арыз берүүгө, маалымкаттарды алууга, салык кызматы менен кат алышууга, ошондой эле Салык кызматынын башка онлайн кызматтарын пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Салык төлөөчү өзүнүн жеке кабинетине кирип, башка кызматтардан да пайдалана алат. Мисалы, бюджет менен эсептешүүлөрдүн абалы, салыктардын төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат, ИНН, акциздик марка боюнча маалымат алуу, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө салыкты эсептөө ж.б.», — деп маалымдады Салык кызматы.

Белгилей кетсек, Салык кызматы “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорунун алкагында салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү электрондук кызматтардын тизмесин кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>