Отурум болуп жатканда активисттин тарапташтары, сот имаратынын алдына келип анын бошотулуусун талап кылып турушту.
Алардын арасында Тилекмат Кудайберген уулунун жакындары менен анын баласы да келип акцияга катышты.
Белгилей кетсек, Тилекмат Кудайберген уулу “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу “бийликти кулатууга чакырган” деп айыпталып кармалган. Ал Жазык кодексинин 310-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 264-беренесине (Массалык баш аламандыктар) беренеси менен айыпталууда.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 16-мартта активисттин баш коргоо чарасын карап, 15-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган.