Кыргызстандын аймагында 7-апрель саат 09:00гө карата дагы 12 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов онлайн-брифингде билдирди.
Министрдин айтымында, жаңы катталгандын ичинен 3 эркек жана 9 аял. Алар Ош облусунда обсервацияда болчу.
Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус илдети 228 адамга жукту.