Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктадыИИМ: Кытайлык айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдүТИМ: Эми Грузияга кирүү үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынатМинистрлер кабинети 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекиттиКыргызстандын Салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө кызмат көрсөттү
Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү
08.10.2021 | 09:27
Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга жетти. Ал 68 килограмм салмак категориясында кыз-келиндер арасында күрөштө биринчи орунга жеткени үчүн рейтинги көтөрүлгөн. Бул маалымат дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтында жарыяланды.
Ушул тапта анын карамагында 114 упай бар. Дүйнөлүк рейтингде биринчи болуп турган америкалык Тамира Мариама Менсада 123 упай бар. Үчүнчү орунда нигериялык Блессинг Оборудуд келди. Анда 90 упай. Нигериялык балбан Мээрим Жуманазарованы “Токио-2020” Олимпиадасында чейрек финалда жеңип алган.
Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунун финалында япониялык Рин Мияджини далысын жерге басып, таза жеңишти камсыз кылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт