Конституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылдыКыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылды
Баткен: Ак-Турпактагы нефти сактоочу жайды Өзбекстан кайтарып жатат
12.10.2021 | 17:30
Баткен облусундагы Ак-Турпак аймагындагы нефти сактоочу жайды Өзбекстан эмне себептен кайтарып жатат? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов парламенттин комитет жыйынында “Кыргызнефтегаз” ишканасына жетекчилигине берди.
“Кыргызнефтегаз” ишканасына жетекчилиги “билбейм” деп жооп берди.
Бул жоопко нааразы болгон депутат Ак-Турпактагы нефти сактоочу жайды Өзбекстан кайтарып жатканын айтып, алтургай жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн биринен бул маалыматты тастыктаганын, бул маселени бир канча ирет көтөрүп келе жатканын билдирди.
“Кыргызнефтегаз” жетекчилиги маалыматты тактап берээрин айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат