Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен облусунун Дахма аймагында чек арага жакын аймакта жергиликтүү тургундун короосунан өрт чыкты. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 9-ноябрь күнү таңга жуук саат 05:30 чамасында өрт тутанган. Өрт өчүрүүчүлөр саат 06:15 убакыт аралыгында өрттү толук өчүргөн. Ушул тапта тиешелүү кызмат өрттүн келип чыгуу себептерин тактап жатат.
Ошондой эле кыргы-тажик чек арасында абал туруктуу экени кошумчаланат.