Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Кыргызстандын Футбол федерациясына айып пул салышы мүмкүн. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Дастан Конокбаев билдиргенин Sport.akipress жазып чыкты.
Маалым болгондой, Кыргызстан менен Мьянманын курамаларынын беттешинде оюн талаасына эки күйөрман чуркканы үчүн комиссарлар рапорт жөнөтүшкөн.
Кечээ, 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Мьянманын футболчулары беттешип, кыргызстандыктар 7:0 эсебинде жеңишке жетти.
Белгилей кетсек, 2015-жылы Кыргызстан менен Австралиянын курамасынын беттешинде күйөрман оюн талаасына чуркап чыкканы үчүн Кыргызстандын Футбол федерациясы ФИФАга 28 миң доллар айып пул төлөгөн.