НАТО Гренландиянын карама-каршылыктарынын астында кыйроого учуроодоЕЭК ЕАЭБдеги электрондук сооданын бирдиктүү эрежелери жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырдыАйыпталуучудан 3 миң доллар талап кылышкан. Ошто эки тергөөчү кармалдыКМШ өлкөлөрү кургак учук менен күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашууга жетиштиЖогорку Кеңеш Кыргызстандын аймактарында суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн насыяны жактырдыОш облусунда 300 миллион долларга кичи ГЭСтердин каскадын куруу пландалууда
Эртең Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан аба каттамы кайрадан жанданат
16.11.2021 | 17:24
«Манас» Эл аралык аэропорту» ААКсы 2021-жылдын 17-ноябрында Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан багыты боюнча аба каттамын жандантат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Каттамдар Air Astana тарабынан жумасына эки жолу: шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Ал эми 3-декабрдан тарта аба каттамдар жумасына 4 жолу: дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Учуунун узактыгы 1 саат 50 мүнөт.
Эскерте кетсек, аба каттамы 2020-жылдын башында пандемияга байланыштуу токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом