Блогерлер Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстанды таанытышатБишкекте жол кырсыгынан 22 жаштагы жөө жүргүнчү каза болдуFreedom Bank Kazakhstan Кыргызстанда банк ачуу пландарын токтотту«Эс алсын, дарылансын» Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирдиБообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулдуМедер Машиев жаратылыш ресурстары министри кызматынан бошотулду
Орусия: Блогерлер кыргыз такси айдоочусуна унаа белек кылды (ВИДЕО)
25.11.2021 | 10:04
Орусиялык блогерлер Гусейн Гасанов менен Арутюн Назарян такси кызматында иштеп жүргөн кыргызстандыкка КИА үлгүсүндөгү унааны белекке берди. Бул жараянды камтыган видео Инстаграм баракчасына жүктөлдү.
Алар атайын экспермент кылып такси айдоочуларын бекер жеткирип коюуну өтүнүшкөн, бирок, бир топ айдоочулар баштарын чайкап кетип калышат. Аты белгисиз кыргызстандык айдоочу блогерлердин өтүнүчүн аткарып, жеткирчү жерине жеткирет.
Блогерлер таксиден канча табасың деп сурашат. Ал 40 миң рубль табам, 2 балам бар. Бири кыз, бири эркек. Алардын биринин бир кулагы тубаса укпайт. Акча таап барып дарылатам дейт.
Кыргызстандык айдоочунун мамилесине ичи жылыган блогерлер КИА борборуна барып, унаа белек кылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар