Михаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалдыПарламенттик шайлоо: БШК №13 округ боюнча кайра шайлоону токтотуп, мурдагы жыйынтыкты мыйзамдуу деп таптыКыргызстанда ЮНИСЕФтин колдоосу менен 1,2 млн долларга вакцина сактоочу кампа курулат
“Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров ИИМде болгонбу? Жооп
30.11.2021 | 10:24
“Ордо” саясий партиясынын дайынсыз жоголгон лидери Мирбек Мияров Ички иштер министрлигине чакырылган жок. Бул маалыматты Reporter.kg’ге аталган министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Мияров УКМКга чакырылбаганын билдирген.
Буга чейин социалдык тармактарда “Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров Бишкекте дайынсыз жоголгонун жазып чыгышкан.
Мияров 28-ноябрь, саат 14:00дөн бери байланышка чыга элек.
Болжолд түрдө тааныштары аны акыркы жолу Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен көрүшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом