Сейрек кездешчү жапайы жаныбарлар четинен жок болуп жатат, ал эми аларды кайра калыбына келтирүү үчүн ири көлөмдөгү каражат талап кылынат. Мындай пикирин бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңеште депутат Экмат Байпакбаев билдирди.
Жыйында «Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралууда. Демилгечилер – депутаттар тобу.
Депутаттар тобу 2020-2030-жылдары Кыргызстандын аймагында төмөнкү жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталууда: аркар-кулжа, теке-эчки, элик, марал-бугу, доӊуз.
Демилгечилердин бири Экмат Байбакпаевдин айтымында, ушу тапта өлкө аймагында аӊчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө ишкердик менен 52 юридикалык жак алектенет, анын ичинде 42 жеке менчик аӊчылык фирма, 9 коомдук чарба жана 1 мамлекеттик мекеме бар.
“Аӊчылык жерлердин жалпы аянты – 14,4 млн га, анын ичинен мамлекеттик жерлер – 7,2 млн га, коомдук жерлер – 3,2 млн га, жеке менчик жерлер – 4 млн га. Бул мыйзамды ишке ашырууга баш-аягы 1 млрд сомго жакын каражат талап кылынат экен. Жандуу жаратылыш менен жапайы жаныбарларды сактап калуу үчүн каражатты аябаш керек, аны бюджеттен же фонддордон караштырса болот”, — деди эл өкүлү.