Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Кайрадан Шайлообек Атазов шайлоого катышат
04.01.2022 | 17:37
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Свердлов райондук округунан депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды.
Андагы маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи Май райондук округдары боюнча кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 14кө жетти.
- Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна- Биринчи Май шайлоо округу;
- Алмамбетова Гуля Идиновна- Свердлов шайлоо округу;
- Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович- Биринчи Май шайлоо округу;
- Асанбеков Жаныбек Асанбекович- Свердлов шайлоо округу;
- Токтакунов Нурбек Акбарович- Биринчи Май шайлоо округу;
- Жолдошова Назгуль Амантуровна- Свердлов шайлоо округу;
- Сартаев Анвар Айдарович- Биринчи Май шайлоо округу;
- Керимбаев Жусубалы Топчубаевич- Свердлов шайлоо округу;
- Бейшенбаев Эдиль Нурбекович- Биринчи Май шайлоо округу;
- Гапаров Адылбек Абдикаримович- Биринчи Май округу;
- Султанбеков Муратбек Кенешбекович- Свердлов округу;
- Акылбеков Русланбек Акылбекович- Биринчи Май округу;
- Аматов Рысбай Аматович- Биринчи Май округу;
- Атазов Шайлообек Карыбекович – Свердлов округу.
28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда “баарына каршы” добуш бергендердин саны көп болгон. Мыйзамга ылайык, кайра шайлоо болот. Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.
Буга чейин Шайлообек Атазов Төлөйкан шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоого катышып, утулуп калган. Атаандашы Нурбек Алимбеков менен соттошконго чейин барып, соттон утулуп калган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат