Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Кыргыз аскерлери Казакстандын кайсы имаратын кайтарып жатат? Жооп
10.01.2022 | 16:52
Кыргыз аскер кызматчылары Казакстандын Алматы шаарынын ЖЭБ-2 маанилүү стратегиялык объектисин кайтарышууда. Бул туурасында Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Казакстан Республикасына жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тынчтыкты сактоочу аскердик контингенти тынчтыкты сактоочу миссияны аткарууда. ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тынчтык орнотуу күчтөрүнүн азыркы учурдагы негизги милдети – Казакстандын өзгөчө маанилүү жана стратегиялык объектилерин коргоо жана кайтаруу болуп саналат.

Кыргызстандын тынчтыкты орнотуучулары Жогорку Кеңештин чечиминин, КР Президентинин Жарлыгынын негизинде жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 1992-жылынын 15-майындагы 4-беренесине ылайык тынчтыкты орнотуу ишин жүргүзүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар