Кыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайы
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жардыруучу зат коюлдубу? Жооп
11.01.2022 | 18:01
Кыргызстан менен Тажикстандын Орусиядагы элчиликтеринин имараттарына жардыруучу зат коюп кетти деген маалымат жалган болуп чыкты. Бул туурасында ТАСС жазып чыкты.
Маалыматка караганда, бир күн мурун аталган элчиликтердин имараттарына кимдир бирөөлөр тарабынан жардыруучу заттар коюлду делген анонимдүү маалымат келип түшкөн. Орусиянын жергиликтүү полициясы имараттарды тыкыр текшерип, андай жардыруучу зат таба алышкан эмес.
Мындай окуя Москвада биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин мындай коркутуулар Армения менен Беларустун элчиликтеринин электрондук почтасына да жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар