Бокс боюнча оор салмак категориясында дүйнө чемпиону, Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Соломенс районунун тургундары менен болгон жолугушууда өзүнүн адепсиздигин көрсөттү, — деп жазат Pressball басылмасы.
Басылманын маалыматына караганда, Кличко журналисттин ыңгайсыз суроосуна теригип, анын телефонун тартып алууга аракет кылган.
“Бул кадрлар Кличконун өзүнө карата айтылган сын-пикирлерге кандай жооп береринин далили. Ал Платновский көчөсүн бойлой салынган мыйзамсыз курулуштар боюнча маселе көтөргөн журналисттин телефонун жулуп алгысы келе, анын жан сакчылары колунан кармоого аракет кылды”, — деп жазган басылма.