Кыргызстандыктар эми Apple жана Tesla акцияларын эртең мененки тамак учурунда эле сатып ала алышат. Бишкекте инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр сунушталдыДанияр Амангелдиев Коопсуздук боюнча 62-Мюнхен конференциясында Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын тааныштырдыКыргыз мунай компаниясынын директору алмаштыШКУ өлкөлөрү фитосанитардык коопсуздук жаатындагы координацияны активдештирүүдөКыргызстан менен Германия парламенттер аралык байланыштарды чыңдоодоБлогерлер Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстанды таанытышат
Мамлекеттик ипотекалык компанияга 5,5 млрд сом бөлүнөт
18.01.2022 | 10:55
Мамлекеттик ипотекалык компанияга 5,5 млрд сом бөлүнүп берилет. Мындай маалыматты президент Садыр Жапаров “ВБ” редакциясына курган маегинде билдирген.
Мамлекет башчысынын айтуусунда, аталган компания азыр кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге турак жай берип бүтсө, андан кийин каалаган жарандарыбызга 25 жылдык мөөнөт менен бере башташат.
Белгилей кетсек, былтыр министрлер кабинети Мамлекеттик ипотекалык компанияны 5,2 млрд сомго капиталдаштырган, ошондой эле “Менин үйүм 2021-2026” жаңы турак-жай программасы кабыл алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика