«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
ТИМ Алматыда сабалган Чолпонбай Сыдыков менен болгон окуянын чоо-жайын иликтөөдө
20.01.2022 | 13:07
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Чолпонбай Сыдыков менен болгон окуянын бардык жагдайларын тактоо жана анын ден соолугуна оор залал келтирген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча казак тарап менен тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугунун кызматкерлери Чолпонбек Сыдыковду тез жардам унаасы менен «Ак-Жол» постуна алып келе жатышат, ал жерден Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тосуп алып, ооруканага жеткиришет.
Эске салсак, Чолпонбай Сыдыков Казакстанда массалык нааразылык акциялары учурунда кармалып, сабалган. Натыйжада анын эки буту жана кабыргасы сынган.
Казакстан: Кыргыз жаранынын эки буту менен кабыргасы сынган (видео)
Рубрики: Жаңылыктар, Коом