Мекеменин маалыматына караганда, 24-октябрда жарандардын кайрылуусуна байланыштуу Астраханда көчмө кабыл алуу уюштурулган.
«Консул Хужабахлил Асамов менен өзбек диаспорасынын башчысы Баходир Аминов Ходжабахлил Астрахань облусунун Харабалин районуна барып, 25 өзбек жараны менен жолуккан. Жыйынтыгында мекендештердин документтери менен айлыктары кайтарылып, алар Өзбекстанга жөнөтүлдү», — деп билдирди басма сөз кызмат.
Өзбек жарандарын жергиликтүү ишкерлердин бири кулчулукта кармап жүргөн.