Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталууда
Нарын дарыясына агып кеткен 8 жашар бала табыла элек
10.03.2022 | 09:57
Нарын районунун Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 8 жашар Т.Т. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, 9-март күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 27 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана 10 милиция кызматкер тартылып, жалпы 97 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүлүп, саат 19:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду.
Бүгүн, 10-март күнү да улантылат. 8-март күнү да изделген.
https://reporter.kg/naryn-daryyasyna-agyp-ketken-8-zhashar-bala-tabylbaj-zhatat/
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар