Жактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуАуэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилди
Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү
10.03.2022 | 10:36
Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 05:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) жалпы көлөмү 12000м3 кар көчкү түшүп, унаа жолго 1440м3 түшкөн.
Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн №23 ЖТИден 2 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 МАЗ, ӨКМнин Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлмүнүн ыкчам тобу тартылып, саат 07:15те жол толук тазаланып ачылды.
«Арал» постунда саат 07:20да жеңил унааларга болгон каттам ачылды, оор жүк ташуучу унааларга болгон чектөө алына элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом