12-июндан баштап түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу жандана баштады. Кытайдан 139 курулушчу келип, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу атайын обсервацияга алынды. Обсервациядан кийин кытайлыктар асфальт төшөө, тоннель жана эстакадалык көпүрө курууну улантышат.
2020-жылы 2 фаза боюнча 22 чакырым асфальт төшөп, 500 метрдик тоннелди казуу иши жүрөт.
Түндүк-түштүк альтернативалык жолу 2014-жылы башталган. Учурда негизги куруучу кытайлык “Чайна Роуд” компаниясы болуп эсептелет. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт жана курулуш иши 2023-жылы аяктайт.