Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкциялар пакетин киргизди

Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкциялар пакетин киргизди

Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкциялар пакетин киргизди. Аталган өлкөгө келген жеке жана юридикалык жактардын кара тизмеси кеңейтилип, импорт жана экспортко чектөөлөр киргизилди. Мындай билдирүү Еврокомиссиянын сайтында жарыяланды.

Жаңы чектөө чаралары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Орусиядан келген жеке жана юридикалык жактардын кара тизмесин кеңейтүү.
  • Мунай жана энергетика тармагына инвестиция тартууга чектөөлөр.
  • Орусияга кымбат баалуу буюмдарды экспорттоого тыюу салынды. Аларга кымбат баалуу унаалар жана зер буюмдар кирет.
  • Болот жана темир буюмдарын импорттоого чектөөлөр.
  • Рейтинг агенттиктерине Россия Федерациясына тиешелүү кредиттик рейтингдерди аныктоо боюнча кандайдыр бир кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салуу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>