Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Активист Тилекмат Күрөнов кармалды
19.04.2025 | 21:14
Эл аралык издөөдө жүргөн Тилекмат Кудайберген уулу (Тилекмат Күрөнов) Бириккен Араб Эмираттарында кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Ал конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө.
«Кармалган адам Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө», – деп айтылат комитеттин маалыматында.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, өлкөдөн тышкары жүргөндө ал жана анын шериктери социалдык түйүндөрдө системалуу түрдө чагымчыл материалдарды – массалык баш аламандыкка жана бийликти күч менен басып алуу аракетине үндөгөн билдирүүлөрдү жана видео билдирүүлөрдү жайгаштырып турган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар