Талантбек Салиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Талантбек Салиев 1975-жылы туулган, жогорку билимдүү.
1997-жылдан тартып улуттук коопсуздук органдарында түрдүү кызмат орундарда анын ичинде жетекчилик кызматтарда кызмат өтөп келген.