11-ноябрдан 12-ноябрга чейинки жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшө турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
Маалыматта Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол-Эңилчек автожолунун (Чоң-Ашуусу) 76-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана жолдор тайгак болуп муз тоңору айтылат.
Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы керектигин белгиледи.