Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Бишкектин Сүйүмбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
06.05.2022 | 09:21
Бишкектин Сүйүмбаев көчөсүнүн бир бөлүгү май айынын аягына чейин жарым-жартылай жабык. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-майдан 24-майга чейин Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай жабылган.
Мэрия мунун себебин түшүндүрдү – подрядчы «АкНазЭлбилдинг» уюму жылуулук камерасын куруу менен жылуулук тармагын тартат.
Жүрүү үчүн альтернативалык жолдор Гоголь жана Осмонкул көчөлөрү болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом