ТИМ башчысы менен АКШнын элчиси кыргыз-америка кызматташтыгын талкуулаштыБШКнын төрагасынын орун басары алмаштыКара-Кулжада 8 жаштагы бала ит тиштегенден кийин ооруканада каза болдуОшто өрттөн каза болгон эне жана балдардын сөөгү жерге берилдиКамчыбек Ташиев Баетов айылында спорт комплекси жана маданият борборунун курулушуна капсула салдыЧек арада стоматологиялык имплантаттарды мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду
Кара-Балтада таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу пландалууда
28.06.2022 | 08:54
Кара-Балта шаарында 10 миллион долларлык катуу таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргыз-орусиялык «Байнурголд» компаниясынын атынан жеке инвестор таштанды таштоочу жайдын ордуна ишкана курууну сунуштап жатат. Ал катуу калдыктарды иштетип, энергияны өндүрөт. Завод «нөлдүк утилизация» принцибинде иштеп, Кара-Балта полигонунун көлөмүн көтөрө албаган жүктү азайтат», – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом