Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк иш боюнча пресс-конференция учурунда өрттөлгөн Башкы прокуратуранын имаратын бузуу боюнча иштер жарыялангандыгын билдирди.
Мэрдин айтымында, немис дизайнерлери 3 жолду сунуш кылышкан.
«Үч варианттын ичинен бирин тандап алабыз. Эски имарат бузулгандан кийин аукцион жарыялайбыз», — деди мэр.
Мында, шарттар боюнча имарат муниципалитеттин долбоору боюнча курулат.
Мындан ары борбор калаадагы бардык имараттардын курулушу муниципалитет тарабынан көзөмөлдөнөт.