Ошто өрттөн каза болгон эне жана балдардын сөөгү жерге берилдиКамчыбек Ташиев Баетов айылында спорт комплекси жана маданият борборунун курулушуна капсула салдыЧек арада стоматологиялык имплантаттарды мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулдуКыргызстанда тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган жаңы эл аралык долбоор ишке кирүүдөӨКМ: Өрт коопсуздугу ар бир жарандын жоопкерчилигиндеАКШ Орусиянын эки ири мунай ишканасын санкциялык тизмеге киргизди
Орусияда 6 жаштагы кыргызстандык сууга чөгүп кетти
05.07.2022 | 12:44
Финляндия суусуна Лисий Нос айылында алты жаштагы кыргызстандык чөгүп кеткен. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Алардын айтымында, окуяга күбө болгондор баланы суудан алып чыгышкан. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер жабырлануучуну сактап калууга аракет кылышкан, бирок ал тез жардам унаасында каза болгон. Милиция кызматкерлери бала жээкке 21 жаштагы таякеси менен келгенин аныкташкан. Маркумдун үй-бүлөсү толук кандуу камсыздандырылган эмес. Апасы февраль айында Орусияга иштегени келген.
Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн баланын сөөгү өлүкканага жөнөтүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом