УКМК генерал-майор Талантбек Исаевге кылмыш ишин козгоду

26.11.2019 | 16:14

УКМК генерал Талантбек Исаевге кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык,  Исаевге карата  козголгон кылмыш иши “Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” менен катталган. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Талантбек Исаев 1966-жылы Чүй облусунун Кемин районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “тарых”, 1994-жылы “укук таануу” адистиктери боюнча бүтүргөн. 1985-1987-жылдары советтик армиянын катарында Германияда кызмат өтөгөн.

2018-жылдын 11-октябрь күнү кайрадан ИИМинин атайлаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. Милициянын генерал-майору.

Scroll to Top