Аскердик жана аскердик-техниккалык кызматташуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эки тараптуу алакасынын бирден-бир негизги багыттары болуп саналат.
Орусия Кыргызстанга жардам катары катары аскер техникаларын белек кылды. Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашты.
Эки МИ-8МТ тик учагын жана П-18 радиолокациялык станциясын тапышруу аземи КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу бөлүгүнүн Кант шаарындагы авиа-техникалык аймагында өттү.
Иш-чара Башкы штабдын башчысынын орун басары Нурлан Чомоев жана Орусиянын Коргоо министринин орун басары Александр Фоминдин катышкан.
Белгилей кетсек, Орусия апрель айында МИ-8МТ жана БРДМ-2М техникаларын белек кылган.