Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү
27.07.2022 | 23:46
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.
Мындан тышкары, өлкө лидерлери регионалдык кызматташуу темасына да токтолушту.
Мамлекет башчылары эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштыкты жана боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат