Түркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырды
Алты айда 10 миңден ашык кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды
28.07.2022 | 13:00
Быйыл жарым жылда 10 миң 632 кыргызстандык Россиянын жарандыгын алган. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлиги билдирди.
Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Россиянын атуулу болгондордун сап башында Тажикстандын жарандары турат. Быйылкы жарым жылда 74 миң 162 тажикстандык Россиянын паспортун алган. Ошондой эле Казакстандын 21 миң 647 жараны, Өзбекстан 13 миң 99 атуулу, Түркмөнстандын 1 миң 549 жараны Россия жарандыгына өткөн.
Россиянын Ички иштер министрлигинин маалымат боюнча, алардын миграциялык каттоосунда 516 миң 729 кыргызстандык турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом