Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Кыйноого каршы борбордун кызматкерлери Жоробековго жолугуп чыкты
29.11.2019 | 12:26
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Афтандил Жоробековдон кабар алышты.
Борбордун директору Нурдин Сулайманов билдиргендей, Жоробеков өзүнө карата кыйноо болбогондугун жана тергөө абагынын кармоо шарттарына нааразычылыгы жоктугун айткан.
Афтандил Жоробеков 24-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан аймак аралык касташууну козуткан делип кармалып, эки айга камакка алынган.
Жарандык коом өкүлдөрү жана Жоробековдун туугандары актвисттин кармалышын сөз эркиндигине карата кысым деп баалашууда.
Учурда социалдык тармактын колдонуучулары «Мен/биз Афтандил Жоробеков» деген хештег менен ага колдоо көрсөтүшүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом