Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылды
Дзюдо: Чыңгызхан Сагыналиев Азия чемпионатында коло медаль тагынды
05.08.2022 | 22:01
Кыргызстандык Чыңгызхан Сагыналиев дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды. Мелдештер Нур-Султан шаарында (Казакстан) өтүүдө.
Бүгүн ал 1/8 финалдык баскычтан баштап (73 килограммга чейинки салмак категориясы) чыкты. Ал Монголиядан келген Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Цогтбаатар Цэнд-Очирди иппон менен чыгып, утту. Чейрек финалда филиппиндик Кейси Наканону жеңип алды.
Жарым финалда Чыңгызхан Сагыналиев казакстандык дзюдочу Данияр Шамшаевге утулуп калды.
Коло үчүн күрөштө ал кыргызстандык команданын дагы бир мүчөсү Эртур Турдубаевден күчтүү болду.
Сагыналиевдин коло медалы Кыргызстандын 2022-жылкы Азия чемпионатында биринчи медалы болуп калды.
Чыңгызхан Сагыналиев дзюдо боюнча жаштар арасында Азия чемпиону.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт