Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Бишкекте бир катар мектеп, бала бакчаларда жылуулук берүү токтоду
10.11.2022 | 12:33
Бишкек шаарында авариялык кырдаалдан улам бир катар мектептерде жана бала бакчаларда жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, №65 жана 39-мектептерде, №173 жана 75-бала бакчаларда жылуулук жок болууда.
“Билим берүү мекемелеринде жылытуу системасы ишке киргенде авариялык кырдаал жаралган. Аталган уюмдарга жылуулук берүү токтотулган. Капиталдык курулуш башкармалыгы мыйзам чегинде тендерлерди ыкчам өткөрүп, подрядчылар менен келишимдерди түздү. Маселе муниципалитеттин жетекчилигинин көзөмөлүндө”, – деп айтылат маалыматта.
Көйгөйлөрдү жоюуга чейин №65 мектеп онлайн окутууга өттү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар