Акчасын жоготуп жиберип жол кире төлөй албай калган 11 жаштагы баланы, үйүнүн жанынан түшүрбөй койгон №7 автобустун айдоочусу жутуштан алынды.
Бул маалыматты Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова «Азаттыкка» ырастады.
Анын айтымында, бул окуя боюнча маалымат чыккандан кийин шаар бийлиги баланын ата-энесин таап, кечирим сурашкан.
Ошондой эле ал окуя териштирилип жатканын кошумчалаган.
Буга чейин «24.kg» сайты баланын апасына таянып, №7 автобустун айдоочусу анын баласын баласын үйүнүн жанынан түшүрбөй 1,5 чакырым алыс жерге таштап салганын жазып чыккан.
Буга окуучу 8 сом жол киресин жоготуп алып, жол кирени төлөй албай калганы негиз болгон.
Ал караңгы кирип кеткендиктен баласынын коопсуздугуна кабатыр болушканын айтып, №7 автобустун айдоочусу жүргүнчүлөргө орой мамиле кыларын билдирген.