Кыргыз-кытай чек арасындагы эки бекеттин иш графиги өзгөрдү

15.12.2022 | 17:44

Кыргыз-кытай чек арасындагы эки көзөмөл өткөрмө бекеттин иш графиги өзгөрдү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, декабрь айынан тарта “Торугарт-унаа жолу” жана “Эркечтам-унаа жолу” көзөмөл өткөрмө бекеттери күн сайын, анын ичинде ишемби жана жекшемби күңдөрү иштейт.

“Ошол эле учурда “Торугарт- унаа жолу” жана “Эркечтам-унаа жолу” көзөмөл өткөрмө бекеттери атайын жадыбал менен иштеп, ага ылайык транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн гана Кытайдан Кыргызстанга өтүүсү каралган”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top