Маданият министрлиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдүКыргызстандын илим министри британ элчиси менен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкууладыЖогорку Кеңештин комитети мамлекеттик гимндин жаңы варианттарын четке кактыТрамп Түштүк Кореядан келген товарларга импорттук тарифтерди 25%га чейин жогорулатты2025-жылы Кыргызстан менен Азербайжандын товар жүгүртүүсү 10 млн долларга жеттиЕЭК ЕАЭБдин климаттык күн тартиби боюнча семинар өткөрдү
Кыргызстанда сутка ичинде 298 ымыркай төрөлдү
01.01.2023 | 13:11
Кыргызстанда 2022-жылдын 31-декабрында таңкы сегизден 2023-жылдын 1-январынынын таңкы саат сегизге чейин 298 ымыркай төрөлгөн.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, алардын 165и уул болсо, 133ү кыз. Сутка ичинде Ош облусунда эгиз төрөлдү.
Бишкекте 22 уул, 24 кыз төрөлгөн.
Өлкөдө быйылкы жылда биринчи төрөт Ош шаарындагы Перинаталдык борбордо болгон — 3,3 кг салмактагы эркек бала төрөлгөн.
Ошондой эле, саат 00:05те Ысык-Ата районундагы төрөт үйүндө 3,45 кг салмактагы эркек бала төрөлгөн, ал эми саат 00:10до Сокулук районунда медициналык мекемеде 3,175 кг салмактагы кыз төрөлгөн.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом